Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

АСТАНА ЖЫЙЫНЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?


Азиза Турдуева, Бишкек Казакстандын баш калаасы Астанада КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өттү. Анда ар кандай тармактарда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлуп, концепциялар менен программалар кабыл алынды. Бул документтердин кабыл алынышына, деги эле, Кыргызстандын КМШнын алкагында саясий, экономикалык жана башка тармактарда кызматташуу маселелерине карата саясатчылардын пикирлери кандай?

Астандагы жыйында КМШ аймагында эл аралык терроризмге, коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү, көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү, чегара жана регионалдык маселелер боюнча мамилени чыңдоо жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

Буга карата кыргызстандык саясатчылар негизинен оң көз-караштарын билдиришти. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев Астанадагы саммитте кол коюлган макулдашуулар Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ деген пикирин билдирди:

-Эми бутүндөй дүйнөдө өнүгүү үчүн интеграция абдан чоң рол ойнойт. Демократия башталгандан берки эң чоң катачылыктарынын бири – интеграциялык жараяндардын үзгүлтүккө учурашы болду. Бул чоң зыяндарды алып келди. Эми КМШнын алкагында саясий, экономикалык, валюта, транспорт, чегара, терроризмге каршы күрөшүү жана башка тармактарда кызматташууну жакшыртуу колдой турган көрүнүштөр. Ошондуктан, бүгүн Астанада кабыл алынган документтердин КМШ өлкөлөрүнө, айрыкча, Кыргызстан үчүн өтө чоң мааниси бар.

Ал эми экинчи бир депутат Темир Сариев Кыргызстан үчүн негизги өнөктөштөр мындан ары да КМШ өлкөлөрү болуп кала берет, андыктан анын алкагында кызматташууга чоң көңүл бөлүү керек деп эсептейт:

- Биз каалайбызбы, калабайбызбы - мурдатан түптөлүп калган байланыштар көбүнчө ошол КМШ өлкөлөрү менен болуп жатат. Көрүнүп тургандай, биз үчүн жаңы рыноктор дүйнөнүн башка аймактарынан ачылышы өтө оор. Анын эми ар кандай себептери бар. Ошол 1992-1993-жылдан бери үзүлүп калган байланыштарды кайра калыбына келтиралбай жатабыз. Бирок айта кетчү нерсе, акыркы жылдарда бул багытта жетишкендиктер бар. Анткени КМШда экономикалык өсүш болуп жатат. Өзгөчө Орусия, Казакстанда. Эгерде алсак, Кыргызстан экономикалык тармакта «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, негизинен Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен карым-катнашта болуп жатабыз. Ошондуктан, Астанда кол коюлган документтер биздин өлкөгө абдан оң таасирин тийгизет, - дейт Т.Сариев.

Депутат Өмүрбек Текебаев да ушундай пикирде:

- Кыргызстан кичинекей мамлекет катары, өзгөчө географилык, коммуникациялык тупикте турган өлкө катары, регионалдык кызматташууну, анын ичинде КМШнын алкагындагы кызматташтыгын жакшыртууга кызыкдар болушу керек. Мына акыркы жылдары КМШда саясий гана эмес, экономикалык байланыштар да ыдырап, соода-сатык төмөндөдү эле. Акыркы бир жылдын ичинде болсо КМШ өлкөлөрүндөгү соода-сатык иштери 74 млдр. АКШ долларынан ашты. Бул КМШ мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык тармактагы кызматташуу өнүгүүдө дегенди билдирет. Мындан Крыгызстанга пайда гана түшөт деп эсептейм .

Саясатчылардын арасында саммит, жыйындарда кол коюлган макулдашуу, келишимдер дайыма эле ишке ашып, аткарыла бербейт деген пикирлер да бар. Буга байланыштуу депутат Токтокан Боромбаева мындай дейт:

- Эми мындай саммиттер көп эле өтүп жатат. Көп эле документтерге кол коюлуп жүрөт. Бирок тилекке каршы, биз дайыма эле алар аткарылат деп айта албайбыз. Аларды аткарган мамлекеттер бар, аткарбай койгон өлкөлөр бар. Ар бир мамлекет келишимге кол койгондон кийин, жоопкерчилик менен аткарса жакшы болот эле. Мисалы, мен парламентте бир маселени көтөрүп чыккам. Эмне үчүн энергетика тармагы боюнча келишим Казакстан, Өзбекстан тарабынан аткарылбай жатат деген маселени козгогом. Бирок кыргыз өкмөтү ага реакция да кылган эмес, Кыргызстан бул маселени койгон да эмес. Ошол келишим ошол бойдон эле аткарылбай калган. Эгерде ушундай болсо, анда Астанада кабыл алынган келишимдер деле кагаз жүзүндө гана калат да. Ал эми алар аткарылса, анда Кыргызстан үчүн албетте, пайдалуу болоор эле .
XS
SM
MD
LG