Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Иран жетекчилиги өзөктүк курал менен байланыштуу бардык күнөөнү четке кагууда


Ирандын Тышкы иштер министрлигинин айтымында, өзөктүк курал менен байланыштуу Тегеранга коюлуп жаткан күнөөлөргө эч негиз жок. Эл аралык текшерүүчүлөрдүн бири Дэвид Олбрайттын айтымында, космостон тартылып алынган кээ бир акыркы сүрөттөр көрсөткөндөй, Тегеран алдындагы Парчин аттуу аскерий ишканада өзөктүк изилдөөлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик жакын арада Иран маселесин караш керек жана АКШ тарабынан даярдалган резолюция долбоору боюнча, Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү токтотулууга тийиш. Агенттиктеги Ирандын өкүлү Хоссейн Мусавяндын айтымында, бардык күнөө маалыматтар - калп.

XS
SM
MD
LG