Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Иракта барымтага алынгандардын саны өсүүдө


"Ал-Каида" менен байланышкан бир уюм кечээ күнү интернет аркылуу барымтага алынган үч адамдын өлтүрүлгөнүн көрсөттү. Өлөөр алдында алар арабча сүйлөгөн жана өздөрүн машине айдоочулар деп атаган. Башы алынган үч дене болсо видео көрсөтүлгөнгө чейин Багдад шаарынын алдында ага чейин табылган. 16-сентябрда Иракта дагы эки америкалык, бир британиялык жана бир сириялык жаран барымтага алынды. Дагы бир сириялык адам туткундан ошол эле күнү бошотулду.

Бардыгы болуп акыркы айларда Иракта жүздөн ашык киши барымтага алынды, алардын жыйырмага жакыны өлтүрүлдү.

16-сентябрда Ирактагы ар башка кагылышуулардан 60 согушкер жана үч америкалык аскер курман болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG