Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Бакыт Аманбаев, Бишкек 17-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилигине алданган атуулдар тууралуу буга чейин кабыл алган токтомунун аткарылышы боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укту. Бирок ал токтом аткарылбагандыктан, айрым депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу жаңы токтом кабыл алуу сунушталып, кворум жоктугунан маселе дүйшөмбүгө калды.

“Рентонгрупп” компаниясынын жетекчилигине алданган атуулдардын маселеси тууралуу адегенде депутаттарга Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Башкы прокурордун орун басары Рустам Исаев, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат беришти.

Андан соң Мыйзам чыгаруу жыйынынын Экономикалык саясат жана ишкерчилик комитетинин төрагасы Акбөкөн Таштанбеков жана аталган комитеттин мүчөсү Асел Мамбеталиева, Сот жана укук маселелери боюнча комитет башчысы Азимбек Бекназаров сөз сүйлөштү.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков «Рентонгрупптун” качып кеткен жетекчиси Эдуард Пакты издөө максатында бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөндүгүн айтып, учурда өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан Пакты издөө улантып жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле Бакирдин Субанбеков буга чейин “Рентонгрупп” ишканасынын Рысалиев аттуу аткаруучу директору он эки жылга соттолуп, андан мамлекеттин эсебине 197 миллион сом төлөтүп алуу тууралуу сот чечими чыгарылгандыгын кошумчалады.

Ал эми Башкы прокурордун орун басары Рустам Исаев болсо аталган маселе боюнча Баалуу кагаздар боюнча улуттук комиссиянын башчысы Уран Абдынасыровго жана аталган комиссиянын алты кызматкерине кылмыш иши козголгондугун маалымдады.

Бийлик өкүлдөрүнүн мындай маалыматы депутаттарды канааттандырган жок. Маселен, депутат Акбөкөн Таштанбеков өз сөзүндө «Рентонгрупптун” качып кеткен жетекчилиги аманатчылардын 250 миллион сом акчасын эле эмес, өкмөттүн кепилдиги менен алынган 2 миллион долларга жакын кредитти кошо алып кеткендигин маалымдады:

- Адегенде, «Рентонгрупп» ишканасынан мурда бир нече компания ачылган. Алар банктардан бир нече миллион доллардык кредиттерди алышкан. Кредиттерди жеп бүткөндөн кийин «Рентонгрупп» деген ишкана ачышып, өздөрүнүн бардык карыздарын ага документтештирип коюшкан. Баш-аягы алар 2 миллион доллардай кредитти алып кетишкен, -деди Акбөкөн Таштанбеков.

Ал эми Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Алевтина Проненко, Николай Байло жана башка депутаттар “Рентонгрупп” компаниясынын жетекчилигинин элди жана мамлекетти алдап кетишине эң жогорку бийлик өкүлдөрү, тагыраак айтканда, Ак үйдөгүлөрдүн түздөн-түз катышы бар экендигин айтышты:

- Мен бүгүн тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтын угуп жатып мамлекет башчынын “коррупция жетинчи этажга жетти” деген сөзүнө дагы бир жолу ынандым. Ошондуктан карапайым элдин Ак үйгө кайрылуусунан эч нерсе чыкпайт. Анткени элди алдап кеткен Эдуард Пак жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жардамысыз, тагыраак айтканда, Ак үйдөгүлөрдүн колдоосусуз мындай алдамчылыкты жасай албайт эле,-деди Алевтина Проненко.

Ал эми Исмаил Исаков болсо “Рентонгрупптун” жетекчилигин издөөдөн эч натыйжа чыгара албаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алууну сунуштады. Талкуу түшкү тыныгууга чейин улантылды. Кворумдун жоктугунан токтом долбоорун кабыл алуу дүйшөмбү күнгө жылдырылды.
XS
SM
MD
LG