Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

КЫРГЫЗСТАНДА ТЕРРОРДУН КОРКУНУЧУ КҮЧПҮ?


КМШ мамлекеттеринин башчылары Астана саммитинде терроризмге каршы биргелешип күрөшүү зарыл деген чечимге келишип, билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде, террорго каршы күрөш жүргүзүүгө өлкөдө толук шарт бар. Бирок парламентарийлер Кыргызстанда катардагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери солгун деген пикирде.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктовдун айтымында, Кыргызстанда терроризмге каршы күрөш эбак жолго салынып, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин антитеррордук борборунун мекемелер аралык комиссиясы мындан ары кандай иш-чараларды жасоо керектигин аныктап жатат:

- Биз бардык чараларды көрүп жатабыз. Азыр өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуунун комплекстүү планы даярдалууда жана күтүүсүз кырдаалда көрүлө турган иш-чаралар аныкталып жатат. Быйыл Москвада биринчи терракт болгондон бери коопсуздук аракеттери күчөтүлгөн. Себеби, адегенде Өзбекстанда, андан кийин Орусияда, Бесланда болгон террактардын кийин бизде да кол салуулар, жардыруулар болот деген кооптонуу күчтүү. Ушундан улам азыр коопсуздук чараларын көрүүгө тартип коргоо органдары гана эмес, коомчулукту да тартып жатабыз.

Борис Полуэктовдун айтымында, буга Өзбекстандын ислам кыймылын, уйгурлардын «Түркстандын азаттыгы үчүн» уюмун жактагандардын Кыргызстанда бир топ экендиги түрткү берет.

Ушундан улам кыргыз коомчулугу менен бийлик өкүлдөрү билдирүүнү ишке ашырууну мурдагы макулдашуулардай кагаз жүзүндө калтырбай, КМШдагы мамлекеттер, анын ичинде кыргыз өкмөтү тартип коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу зарылдыгын белгилеп жатышат. Ал тууралуу мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаев:

- Биринчиден, коопсуздук системасын бекемдөө керек. Ал жерде тартип орнотуп, коррупцияланган элементтерден арылуу керек. Азыр бизде ууру-кескинин, бандиттердин жана башкалардын милиция менен байланышы күч. Алар бири-бири менен байланышып, чогуу ишкерлик кылып жүрүшөт. Мына ошондой байланыштарды жоюу зарыл. Алар дос болуп, кызматташып жүрсө бири-бирине каршы кантип күрөшөт?

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов Кыргызстандын тартип коргоо органдары эл аралык терроризмге каршы күрөш эмес катардагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга кудуретсиз деген ойдо. Анын көз карашы боюнча, буга кийинки кезде буйрук менен киши өлтүрүүлөрдүн күчөгөнү башкы себеп. Ушундан улам азыр ишкерлер да кечкисин кафе, ресторандарга баруудан чочуп калышты:

- Кийинки кезде буйрук менен атып кетүүлөр көбөйгөндөн кийин эл коркуп жатышат. Буга адамдын тынч жашашына, өмүрүнө коркунуч келтирбей турган, коркунуч болсо да аларды коргоп ала турган укук коргоо органдарынын ишинин начардыгы башкы себеп.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов депутаттын мындай пикири менен макул эмес. Өлкөдө карапайым жарандардын өмүрүнө коркунуч келтиргендей жагдай түзүлгөн жери жок:

- Андай кырдаал бар деп ойлобойм. Мен, мисалы үчүн, биринчи жолу угуп жатам.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков терракт Кыргызстандын ар кандай жеринде уюштурулуп, ишке ашырылышы толук мүмкүн деген ойдо. Анын көз карашы боюнча, өкмөт террактардын алдын-алуу иш-чараларын белгилөөдөн мурун, анын чыгышына себеп болгон жагдайларды иликтеп, тамырын үзүү аракетин көрүүгө милдеттүү:

- Биз терракт чыккандан кийин гана ага каршы күрөшүп калабыз. Бул туура эмес. Биз эң ириде терракт жасоого негиз берген жагдайлар менен күрөшүүгө милдеттүүбүз. Жанкечтилер эмне себептен өмүрүн сайып коюп, террактарга барып жатат? Бүгүн Кыргызстанда ага негиз бере турган кырдаал толуп атат. Маселен, жумуш жок, айлык акы абдан аз, мамлекеттик кызматка пара бергендер гана алынат. Билими күчтүү кыз-жигиттерибиз жумушсуз жүрүшөт. А акча бергендер кызматка алынып, экономика артка кетип жатат. Ушундан улам терракт бардык жерде, бардык кыштактарда, шаарларда чыгып кетиши мүмкүн. Бишкекте деле чыгышы мүмкүн, себеби Ош базарында эптеп картошка сатып, балдарын багайын дегендерди тоноп жатышпайбы. Мына - негиздер!
XS
SM
MD
LG