Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Ысыккөлдөгү партиячылар жер берүүгө каршы


КАРАКОЛ. 17-сентябрда бир катар саясий партиялардын Ысыккөл облусундагы бөлүмдөрү президентке кайрылуу жолдошту. Ага «Асаба» кайра жаралуу, «Кыргызстан социал демократиялык», КДК саясий партияларынын областык бөлүмдөрүнүн лидерлери кол коюшту. Кайрылуу ээлеринин билдирген маалыматтарына караганда, Ысыккөл областынын аймагынан чет өлкөлүктөргө 49 жылдык мөөнөт менен жер берилгендиги тууралуу маалыматтар жергиликтүү калк арасында кайчы пикирлерди жана нааразычылыктарды жаратууда. Жер элдин байлыгы. Ошондуктан элдин байлыгын чет өлкөлүктөргө берүү кыргыз элинин улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыгына туура келбейт. "Мына ушундай нааразы пикирибизди айтуу менен ушул тапта калк арасында пайда болгон уу-дуу сөздөрдүн негизин тактоону талап кылабыз", дешет кайрылуу ээлери.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG