Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Айрым жалалабаддыктар баш бармакка белги коюну туура көрүшөт


ЖАЛАЛАБАД. 17-сентябрда Жалалабад облусундагы айрым шайлоочулар президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын областык бөлүмүндө өткөн "тегерек үстөлдө" Мыйзам чыгаруу жыйынында Шайлоо кодексине кийрилген өзгөртүү-толуктоолор талкууланды. Катышуучулардын кабыл алган чечими боюнча шайлоочунун баш бармагына белги коюу жөнүндөгү мыйзам ишке киргизилсе, шайлоодо адилеттүүлүк орноп, анын жыйынтыгын мурдагыдай бурмалоого мүмкүндүк болбой калат. Алар Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр жөнүндөгү 40-берененин 1-пунктун президент А.Акаевдин колдоп, ага кол коюшун өтүнүштү. Талкууга областагы саясий, коомдук, бейөкмөт, адам укугун коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жана айрым шайлоочулар катышты.

XS
SM
MD
LG