Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Б.Шапиронун китеби мектеп программаларына кирбейт


БИШКЕК. Борис Шапиронун кайчы пикирлерди жараткан «Жашоонун сергек мүнөзү» китеби мектеп программаларына кирбейт жана анын буга чейин басмадан чыккан нускалары билим берүү академиясынын кампаларында сакталат деген чечим кабыл алынды. Бул жөнүндө бүгүн билим берүү министри Мустафа Кидибаев бардык облустардын билим берүү башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусу менен «Кыргызинфо» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал эми Борис Шапиронун пикиринде, аталган китеп мектеп окуучуларына жыныстык жактан тарбия берүү максатында жазылган. Ал эми билим берүү министринин орун басары Гайша Ибрагимованын Шапиронун китебин чыгарууга катыштыгы барбы же жокпу деген маселе министрликтин коллегиясында каралат деген маалымат бар.

Буга чейин Билим берүү жана маданият министрлиги Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечимине негизденип, «Ыйман сабагы» окуу программасынын аталышын «Адеп сабагы» деп өзгөртүү жөнүндө буйругун чыгарган. Мындай чечим учурда мектеп жамааттарынын, ата-энелердин арасында кайчы пикирлерди жаратууда.

XS
SM
MD
LG