Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Кыргыз-кытай чегарасы боюнча оппозиция өз пикиринде турат


БИШКЕК. 16-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинде кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо боюнча акыркы протоколду ратификациялоо маселеси каралды. Бул тууралуу комитет төрагасы Исмаил Исаков бүгүн билдирди. Анын айтымында, өкмөт өкүлдөрү - тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жана өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов протоколду бекитип берүүнү өтүшкөн.

Бирок парламенттин аталган комитетинин мүчөлөрү "чегара мамылары 1996-жылдагы келишим боюнча Кытайга өткөн Сарыжаз, Хантеңир жана Жаңыжер участокторуна, 1999-жылдагы кошумча келишим боюнча Кытайга өткөн Үзөңгүкууш участокторуна орнотулбасын" деп тыянак чыгарышкан. Исмаил Исаковдун айтымында, буга 1996-жылдагы келишим парламентти алдоо менен, 1999-жылдагы келишим болсо Конституцияны бузуу менен ратификацияланганы себеп болду. Ошондуктан ал жерлерди демаркациялоого комитет уруксат берген жок.

Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо кыргыз-кытай чегарасы Кыргызстандын кызыкчылыгын толук эске алуу менен аныкталганын дайыма айтып келатат.

XS
SM
MD
LG