Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

КООПТУУ КЫРДААЛ ИРАКТА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮНҮ КЕЧЕҢДЕТЕБИ?


Иракта элдин басымдуу көпчүлүгү тааныгандай өкмөт куруу үчүн өлкөдө жалпы шайлоо өткөрүү зарыл экендиги анык. Бирок азыркыдай дүрбөлөңдүү кырдаал улантыла берсе, анда өлкөдө келээрки январда парламенттик шайлоо өткөрүү долбоору реалдуубу? АКШ өкмөтүнүн мындай долбооруна ынанбагандардын арасында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Кофи Аннан да бар.

Ушул тапта расмий Вашингтон, Багдад жана Бириккен Улуттардын кеңсеси таркаткан билдирүүлөрдү салыштырып көрсөңүз, деги Ирактагы парламенттик шайлоону кайсы мезгилде өткөрүү керек, бул суроого бир беткей жооп ала албайсыз.

Быйыл июнда Бириккен Улуттар Уюму атайын резолюция кабыл алып, Багдаддын убактылуу бийлигин жана өлкөгө аскер киргизген эл аралык коалицияны Иракта үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында же эң кеч дегенде 2005-жылдын 31-январына чейин демократиялык шайлоо өткөрүүгө чакырган.

АКШнын президенти Жорж Уокер Буш Ирактагы жалпы шайлоо мурда белгиленгендей эле келээрки январда өтөт деп келет.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж ушул аптанын шаршемби күнү Прагадагы иш сапары маалында Ирактагы кырдаалга карата мындайча баасын айтты:

- Биз мында январдагы шайлоо өнөктүгүнө жакындаган сайын зомбулук аракеттер күчөйт ко деп турабыз. Ал түгүл зомбулук аракеттер биздеги – Кошмо Штаттардагы 2-ноябрга белгиленген президенттик шайлоого каршы багытталып жасалчу болсо, буга деле таң калбас элем.

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн жетекчилиги болсо азыркыдай дүрбөлөңдүү окуялар улантыла берсе, анда январ айына белгиленген шайлоону кечеңдете туруу ылайык го деп эсептөөдө. Ирактын убактылуу президенти Газы ал-Йавар бейшембиде бул маселени козгоп, башкы көңүл коопсуздукту чыңдоого бөлүнөөрүн, коопсуздук камсыз кылынган соң гана шайлоо өткөрүү алгылыктуу экенин билдирди.

Ал эми Бириккен Улуттардын Башкы катчысы Кофи Аннан Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы үчүн курган маегинде Ирактагы шайлоо тууралуу мындай деди:

- Эгерде коопсуздук кырдаалы азыркыдай кала берчү болсо, анда сиз мында ишеним туудураарлык шайлоо өткөрө албайсыз.

Бул маселе тышкы дүйнөдө гана эмес, АКШнын ички коомчулугунда да бүйүр кызыта талкууланууда. Азыркы президенттин негизги атаандашы, президенттикке талапкер демократ Жон Керри бейшембиде шайлоочулардын алдында чыгып сүйлөп, Жорж Бушту Ирактагы кырдаалды бойомолоп жакшыртып сүрөттөөгө далаалаттанып жатат деп сынга алды:

- Ал сиздерге Иракта ар өткөн күн сайын көбүрөөк дүрбөлөңгө, көбүрөөк зомбулукка, башаламан киши өлтүрүүлөргө туш келип жатканыбызды айткан жок.

Керринин оюнча, ар бир жаңы аптада Ирактагы душмандар улам айыгышкан күрөшүн күчөтүп, бүтүндөй бир аймактар кас душмандын өкүмүнө өтүп жатканын президент Буш шайлоочулардан жашырууда.

Айрым маалыматтарга караганда, АКШнын жашыруун мүнөздөгү чалгындык баяндамасында Ирактагы окуялар үч нукта өнүгөөрү жоромолдонгон. Эгерде өлкө биринчи нук менен кетсе, Иракта коопсуздук кырдаалы эптеп-септеп жакшыраары айтылат. Экинчи нук – саясий жиктелүүнү, ал эми үчүнчү нук – атуулдук согуш отунун тутанышынын ыктымалдыгын көрсөтөт.

АКШнын Ак Үйүнүн басма сөз өкүлү Скотт МакКлеллан "ирак эли бул сыяктуу жоромолдорду жокко чыгарып, жаркын болочок куруу үчүн күрөшүндө улам алга илгерилеп жатат» деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG