Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Бороон-чапкындан АКШда 20дан ашык киши курман болду


ФЛОРИДА. АКШнын түштүк-чыгыш жээгинде болгон капсалаңдан 20дан ашык киши курман болду. Флорида, Алабама, Луизиана жана Миссисипи штаттары - алааматка кабылган чөлкөмдөр болуп жарыялады. Ал жерлерде бир миллиондон ашык киши электр энергиясыз калды. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, жолдорду суу алып кетти. Кошуна Жоржия жана Түштүк жана Түндүк Каролина штаттары топон суунун алдында калуу коркунучуна дуушар болуп турат. Капсалаң болуп жаткан жерде шамалдын күчү саатына 215 чакырымга жетүүдө. Айрым райондордо кыйроолорго капсалаң эмес, бул райондордо маал-маалы менен болуп турган Торнадо куйуну себеп болду.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.

XS
SM
MD
LG