Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Иран атомдук программасы жөнүндөгү чечимди эки-үч күндүн ичинде кабыл алат


ВЕНА. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Хусейин Мусавян анын өлкөсү уранды байытуу программасын дагы бир канча убакытка токтото туруу жөнүндөгү чечимди жакынкы эки-үч күндүн ичинде кабыл ала турганын билдирди. Уранды байытуу жолу менен ядролук куралдардын дүрмөтүн жасаганга керектүү заттар алынат.

2003-жылы октябрь айында Иран Улуттар уюмунун агенттиги - МАГАТЭнин талабы боюнча уранды байытуу программасын убактылуу токтото турууга макул болгон.

Мусавяндын бүгүнкү билдирүүсүн МАГАТЭнин башкармалыгы Ирандын атомдук программасы боюнча резолюциясынын долбоорун талкуулап жаткан кезде жасалып отурат. Уюмдун башкармалыгы резолюцияда Ирандан уранга байланышкан баардык аракеттерин токтото туруусун талап кылмакчы.

XS
SM
MD
LG