Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Багдаддагы жардыруудан 5 киши курман болду


БАГДАД. Бүгүн эртең менен Багадда жанкечти айдап бараткан машинесин жардырып жиберди. Расмий маалыматтарга караганда, жардыруудан бери дегенде, 5 киши курман болуп, ондогон кишилер жаракат алды.

Ал эми анын аралыгында, Американын аскердик учактары Фаллужадагы сунни көтөрүлүшчүлөрүнүн позицияларына сокку уруп жатат. Америкалык аскер учактары Абу-Мусаб-ал Заргауинин куралчан топтору жашынган жерлерди мээлеп жатышканын билдиришет. Кечээ Кечинде Фаллужанын айланасына катуу сокку урулган. Америкалык аскерлер андан 60тай согушкер жок болгонун маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG