Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

ПУТИНДИН РЕФОРМАСЫНА ЕЛЬЦИН МЕНЕН ГОРБАЧЕВ ЭМНЕ ДЕДИ? АСТАНА ЖАҢЫРЫГЫ. ЧЫҢГЫЗДЫН ДЕН СООЛУГУ


Муса Мураталиев, Москва Мурунку аптада чыккан гезиттер Путин жүргүзө баштаган реформага карата СССРдин президенти Михаил Горбачев менен Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин жоопторун жарылашты. Астанада өткөн КМШ саммитинин жыйынтыгына арналган макалалар чыкты. Ошондой эле Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн айрымдарынын орто мектебин бүтүргөндөрдүн жетилүү аттестатын мындан ары орусиялык окуу жайлар тааный тургандыгы тууралуу макалаларды басышты.

«Московские новости» апталыгы (№35) Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин менен СССРдин президенти Михаил Горбачевдин пикирлерин басты. Алар Владимир Путиндин мамлекеттик системаны өзгөртө баштаганы жакшыбы же жаманбы дегенге өз ойлорун айтышкан. Борис Ельцин маселен минтет: "Эркиндиктин мойнуна сыйыртмак ыргытып, аны муунтуу, демократиялык укуктарды бир четинен чектей баштоо – дал ошол терорчулардын бизди жеңе башташы".

Горбачевдун да пикирине караганда "Путиндин саясий демилгеси, чын-чынына келгенде – буга чейинки демократиялык жолдон таюуга окшоп турат".

Баса, бул күндөрү Москвада китептердин тушоо кесүүлөрү көп өттү. Маселен, КГБнын мурдагы төрагасы Владимир Крючков «Инсан жана бийлик» (Личность и власть) деген китебинде Сталин, Андропов, Путинди оң каарман кылып, Хрущев, Горбачев, Ельцинди терс каарман кылып көргөзгөн. ГКЧП төбөлдөрүнүн бири болгон Крючков азыркы жетекчи туурасында мындай дейт: "Путин, мага үмүт жандырган президент болуп көрүнөт".

Ошол эле учурда либералдар президенттин демилгесин катуу сынга алышууда. Бейшембиде Башкы прокурордун кенсесинин алдында өткөн митингде «Яблоко» партиясы азыркы жетекчини жоопко тартууну талап кылышты.

«Российская газетанын» жума күнкү санында «КМШ – мурдагыдай эле Советтер өлкөсү» деген макала чыкты. Владислав Воробьев жазганга караганда, качандыр СССР жамаатын түзүшкөн республикалар бир клубга чогулганы менен, анын кайра биригип, мамлекеттер аралык түзүлүшү бар уюмга айланышы кимкимди күмөн санатат.

Саммитте Назарбаев «Шериктештик уюшулгандан бери 70 кеңеш топтору түзүлгөн эле, бирок алардын бири да иштебейт. КМШнын экономикалык соту, болгону, төрт өкүм чыгарса, аны бирин дагы КМШ өлкөлөрү капарына алган эмес» деген.

Кыргыздын даңктуу жазуучусу Чынгыз Айтматов сыркоолоп, Түркияга барып операция жасатып, азыр сакайып калгандыгы туурасында «Собеседник» №34 санында жазат. Атактуу жазуучунун ал-ахвалын өз оозунан сурап жазып алган кабарчы, Айтматов «жүрөгүнүн оорушуна өзүм күнөөлүмүн деди» деп жазат. Алматы менен Бишкек ортосуна азыркы замандын талабына ылайык автожол курдурбайсызбы деп жазуучу канча жолу президент Назарбаевге кайрылганын эскерген. Ошол жаңы жол эми салына баштаганда, түз жүрүүчү жол жок, чет жакалап, чаңы ызгыган жер менен жүрүп олтуруу, ага кошумча мээ кайнаган ысык таасир этип жүрөгүнө күч келгенин айтып берген.

«Московский комсомолец» бейшемби күнү алакан отундай макала басты. Аны менен тааныша келгенибизде Шериктештик ичинен 10 өлкөнүн мектебин бүтүргөндөр Орусиянын жогорку окуу жайларына өтүүгө болот экен. Ал өлкөлөр арасында Кыргызстан да бар. Алардын тийешелүү мекемелери менен Москва атайын келишим түзүптүр. Ошол келишим негизинде мындан ары Шериктештиктин тизмеге кирген он мамлекетинде орто мектепти бүтүргөндөрдүн жетилүү аттестаты орусиялык тараптын жетишерлик сабаттуу деген баасына ээ болот экен.
XS
SM
MD
LG