Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

КЫРГЫЗСТАНДЫК ПАРАЛИМПИАДАЧЫЛАР АФИНАДА


Майып спортчулардын паралимпиадалык 12-оюндары 17-сентябрда Грекиянын борбору Афинада башталды. Ушул мөрөй талашууга кыргызстандык үч майып спортчу да катышууда.

Майып спортчулар үчүн эл аралык биринчи оюндар 1948-жылы Улуу Британияда өткөрүлгөн. Ал 1960-жылдан бери паралимпиадалык оюндар деп аталып 4 жылда бир уюштурулуп келүүдө.

Кыргызстандыктардан паралимпиадалык оюндарга 1992-жылы Барселонада пауэрлифтинг боюнча Роман Өмүрбеков алгач ирет катышып, 7-орунга жеткен. Кыргызстанда 1992-жылы майып спортчулардын клубу түзүлүп, 1994-жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргоду.

Ал эми кышкы паралимпиадага 1998-жылы Наганого тоо лыжасы боюнча Владимир Рябов гана катышкан. Эми Афинада 17-сентябрда башталган паралимпиадалык оюндарга катышып жаткан кыргызстандык үч жигит тууралуу учкай айта кетели.

Алардын ичинен тажрыйбалуусу Роман Өмүрбеков паралимпиадага 4-ирет катышып жатат. Ал 52 кг. салмакта пауэрлифтинг мелдешинде күч сынашат. Роман 147 кг. оордукту чалкасынан жатып, көтөрүп жүрөт.

Экинчи олимпиадачы 56 кг. салмактагы Эдуард Гисов мурда Сидней паралимпиадасында катышкан. Эдуард быйылкы дүйнө чемпионатында он биринчи орунга илинген.

Ал эми үчүнчү паралимпиадачы Шаукат Мугалимов жакында Чолпонатада өткөн эл аралык Ысыккөл оюндарында кол күрөш боюнча чемпион болду. Ал Афинада пауэрлифтинг боюнча 82,5 кг. салмактагы майып спортчулар менен таймашка чыгат.

Чынында, кыргызстандык майып спортчулар Азия оюндарына да бирин-экөө катышып жүргөнү менен бул спорт тармагы колдоого алынбай келген. Паралимпидалык оюндар спорттун 20дан ашык түрү боюнча өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар 4 оюндарда тең спорттун пауэрлифтинг боюнча гана катышып келүүдө.

Майыптар спорту тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов мындай деди:

- Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн спортчуларга эми шарт түзүлүп, камкордукка алынат деген ишеним бар. Мурдакы паралимпиадалык оюндарга бизден 1-2 спортчу гана барса, быйылкы Афина олимпиадасына 3 майып спортчуну жиберүүгө мүмкүнчүлүк болду. Тилекке каршы, майыптар спортуна Бишкекте гана көңүл бөлүнүп, башка облустарда маани берилбей жаткандыгы өкүндүрөт.

Өлкөнүн паралимпиадалык комитетинин вице- президенти Кулболду Исаев өз пикирин мындайча билдирди:

- Майыптарга соопчулук кылуу үчүн паралимпиадалык комитет түзүп, аларга колдон келген шарт түзүп берели деген ой-тилек бар. Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен алар машыга турган спорт зал таап, аларга жабдуу алууга камылга көрүп жатабыз. Алардын спорттук чебердигин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартып, камкордук көрүлө баштады. Каражат маселеси кыйын болсо да майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөр да болгону турат. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Афинага быйыл үч жигит барса, 2006-жылы Катарда болчу Азиялык паралимпиадага спорттун 5-6 түрүнөн команда алып барууга даярдыкты азыртан баштадык.

Афинадагы паралимпиадалык оюндарга дүйнөнүн 160 мамлекетинин өкүлдөрү катышып, спорттун 26 түрү боюнча мөрөй талашуулар 28-сентябрга чейин уланмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG