Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ САЛИЖАН ШАРИПОВ: "КОСМОСКО КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕЛЕГИН АЛА БАРАТАМ"


Кубаныч Жолдошов, Ош Кыргызстандык биринчи учкуч-космонавт Салижан Шариповдун ушул жылдын тогузунчу октябрына белгиленген космоско сапары Байкоңур космодромундагы техникалык себептерден улам бир аз убакытка артка жылдырылышы мүмкүн. Мындай маалымат Москвадагы Жылдыздар шаарчасында даярдыктан өтүп жаткан учкуч-космонавттын өзүнөн 17-сентябрда алынды.

Бул жолку космос сапарына Салижан Шарипов Америкалык-Орусиялык биргелешкен экипаждын командири катары учмакчы. Экипаждын курамы үч адамдан туруп, Шарипов менен бирге Америкалык учкуч-космонавт Делой Чао жана Орусиялык Юрий Щадин чогуу болот. Космонавттардын аалам мейкиндигиндеги жумушу бул ирет алты айга чейин созулмакчы.

Москванын Жылдыздар шаарчасында учуу көнүгүүлөрүн өткөрүп жаткан Салижан Шарипов тамагы ооруп жаткандыгына карабастан, биз менен телефон аркылуу маектешүүгө макулдугун берди.

- Саламатсызбы Салижан мырза, сиздин бул жолку космоско сапарыңызда кандай илимий-иликтөө иштери жүргүзүлөт?

- Биздин программа аябагандай чоң. Жумуштар ачык космоско чыгуудан баштап, космостук станциянын ичиндеги иштер менен алек болобуз. Негизинен бизге берилген 192 күндүн ичинде биз жүзгө жакын илимий-иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттүүбүз.

- Туулган жериңиз Кыргызстан менен космоско учууну кандай байланыштырасыз?

- Бул жолу Кыргызстандын желегин, Бишкек шаарынын эмблемасын, Ысыккөл жана Кыргыз тоолору тартылган видеокассетаны өзүм менен бирге космоско алып чыгып кетип бара жатам. Мен Кыргызстанда туулуп өскөндүктөн Кыргызстанды ата-мекеним деп эсептейм. Ошондуктан алгачкы космоско учканымда да Кыргызстандын желегин, Манастын эн белгисин өзүм менен бирге алып учкамын. "Туулган жердин топурагы алтын" дегендей, мындай нерселер мага космосто дем берип тургандай сезилет.

- Азыркы учурда кандай даярдыктардан өтүп жатасыз?

- Азыр акыркы экзамендер болуп жатат. Ушул аптада жети экзамен тапшырдым. Келе жаткан дүйшөмбүдө жана шейшембиде акыркы комплекстик эки экзамен тапшырам. Сентябрдын жыйырма үчүндө ведомостволор аралык комиссиянын бүтүмү чыгат жана андан кийин биз Байкоңурга кетебиз.

- Салижан мырза, айтмакчы ушул жылдын тогузунчу октябрына белгиленген космоско сапарыңыздын мөөнөтү кийинкиге жылдырылды деп жатышат, эмне себептен?

- Акыркы чечим азырынча чыга элек. Бирок Байкоңурдагы техникалык даяр эместиктерге байланыштуу учуу эки–үч же болбосо беш күнгө кечиктирилиши мүмкүн. Бул эми проблема эмес.

Ал эми "Салижан Шариповдун экинчи жолу космоско учуу салтанатына Кыргызстандан кимдер барып катышат?" деген собол менен учкуч-космонавттын Өзгөн шаарындагы эжеси Матлюба Шариповага кайрылдык:

- Азыркы учурда өкмөттөн, коомчулук өкүлдөрүнөн кимдер барат - тизмелери такталып жатат деп айтышты. Бул эми биринчиден, космодромдон келе турган чакырууга да байланыштуу. Ал эми бизден атам, эки иним барышат. Жана да барганга мүмкүнчүлүгү бар туугандарыбыздын тизмелери такталып, документтери даярдалып жатат, – дейт Матлюба айым.

Тектеш

XS
SM
MD
LG