Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Жайкы эс алуудан Ысыккөлдүн казынасына арбын киреше түштү


КАРАКОЛ. Бул тууралу маалыматты областтын губернатору Токон Шайлиева жергиликтүү басылмалар аркылуу таркатты. Маселен, Ысыккөл районундагы ден соолукту чыңдоочу комплекстерден өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 14 млн. сом салык чогултулду. Ал эми Балыкчы шаарындагы экологиялык посттон "Ысыккөл биосфералык аймакка" 9 млн.сом түштү. Токон Шайлиеванын маалыматына караганда, областын казынасына түшкөн бул акча каражаты эс алуу жайларынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана курорттук шаар - Чолпонатынан инфрастуруктурасын жакшыртууга жумшалмакчы. Ал эми келерки жылдан баштап, ар бир эс алуу жайына компьютер коюлуп, ден соолукту чыңдоочу жайларына келген адамдардын да, алардан түшкөн акча каражатынын да так эсеби алынат.

XS
SM
MD
LG