Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Губернатор Накен Касиевдин китеби жарык көрдү


ОШ. 18-сентябрь күнү Ош шаарында губернатор Накен Касиевдин медицина илимдеринин доктору Дамир Рысалив менен биргелешип жазган «Өтмүш, Учур, Келечек» деген китебинин бет ачар аземи өттү. Китеп орус тилинде Бишкек шаарынан басылып чыккан. Аталган эмгекте кыргыз медицинасынын тарыхы, өнүгүү этаптары, учурдагы абалы жана келечеги боюнча урунтуу маселелер козголгон. Китепте айрыкча орток түрк доорунун даанышмандары Улукмандын, Ибн-Синанын жана кыргыз медицинасынын атасы болгон Иса Ахунбаев, Мирсаид Миррахимовдордун ооруну дарылоодогу өзгөчө усулдары кеңири баяндалган. Бет ачаар аземде сөз сүйлөгөн адамдардын көпчүлүгү китепти энциклопедиялык мазмунда жазылган фундаменталдуу эмгек катары баалашты.

XS
SM
MD
LG