Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕГАРАСЫ БОЮНЧА ТАЛАШ КАЙРА КОЗГОЛДУ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 16-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын Коопсуздук комитетинде кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо боюнча акыркы протоколду ратификациялоо маселеси каралды. Комитет мүчөлөрү «1996-1999-жылдардыгы келишимдердин негизинде Кытайга Сарыжаз, Хантеңири, Жаңыжер, Үзөнгү кууш участоктору өткөндүктөн, ал жерлерге чегара мамылары орнотулбасын» деген чечим кабыл алышты. Ал эми бийлик өкүлдөрү жана айрым саясатчылар «комитеттин мындай чечими туура эмес» деген пикирилерин билдиришүүдө.

Кыргыз-кытай чегарасы боюнча талаш-тартыштуу бул маселе 2002-жылдын май айында Жогорку Кеңештин кош палатасында каралган учурда өзгөчө курчуган. Кыргыз-кытай чегарасы тууралуу келишимдерди ратификациялоого арналган отурумга Мыйзам чыгаруу жыйынынын “Коммунистер” фракциясынын жана “Кыргызстан” тобунун депутаттары катышпай, жыйындар залын таштап кетишкен. Добуш берүүгө катышпаган депуттар кыргыз-кытай чегарасы боюнча түзүлгөн 1996-1999-жылдагы келишимдердин негизинде Кыргызстандын чегарасы өзгөрүлүп жаткандыгын айтышып, аталган маселе боюнча чечимди көпчүлүк добуш менен эмес,
Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн эки добушу менен кароону сунушташкан.

Иш жүзүндө кыргыз-кытай чегарасы тууралуу маселе конституциялык жол менен эмес, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен ратификацияланган. Тагыраак айтканда, добуш берүүгө Мыйзам чыгаруу жыйынынын 40 депутаты катышып, алардын отуз алтысы макулдугун берген.

Буга байланыштуу оппозициячыл саясатчылар 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чегарасы тууралуу келишимдердин негизинде Кыргызстандын 130 миң гектар жери кытайга берилип кеткендигин айтышып, аталган маселе Жогорку Кеңеште мыйзамсыз ратификациялангандыгын айтып келишет.

Белгилей кетүүчү нерсе, 16-сентябрь күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинде кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо боюнча акыркы протоколдун долбоору каралды.

Жыйын соңунда комитет мүчөлөрү кыргыз-кытай чегарасы боюнча 1996-жылдагы келишим парламентти алдоо менен, ал эми 1996-жылдагы келишим Конституцияны бузуу жолу менен ратификацияланганын айтышып, аталган келишимдердин негизинде Кытайга Сарыжаз, Хантеңири, Жаңыжер жана Үзөнгүкууш участоктору өткөн деп, ал жерлерге чегара мамылары орнотулбасын деген чечим кабыл алды.

Комитеттин мындай чечими коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Өкмөт өкүлдөрү комитеттин мындай чечимин «негизсиз» деп айтышат. Маселен, өкмөттүн регионалдык маселер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов кыргыз-кытай чегарасы тууралуу келишимдер буга чейин Жогорку Кеңештин кош палаталарында ратификацияланганын айтып, комитеттин мындай чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес дейт:

- Менин оюмча бул юридикалык жактан толук кандуу күчкө ээ эмес. Бирок комитет өзүнүн чечимин чыгарууга укуктуу. Белгилей кетүүчү нерсе, "комитет айтты эле" деп биз бул маселе боюнча аткарылуучу иштерди токтотуп коюуга укугубуз жок,- дейт өкмөттүн регионалдык маселер боюнча комитетинин башчысы Саламат Аламанов.

Ошондой эле Саламат Аламанов бүгүнкү күнгө чейин мурда эки өлкөнүн өкүлдөрү тарабынан такталган 184 чакырым 348 метр кыргыз-кытай чегара сызыгына толук бойдон чегара мамылары орнотулуп бүткөндүгүн айтып айтып, демаркациялоонун жыйынтыгы Мыйзам чыгаруу жыйынынын жалпы отурумунда каралбай тургандыгын кошумчалады.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикирине караганда, чындыгында эле комитеттин жогорудагыдай чечими мыйзамдуу эмес, бирок саясий күчкө ээ:

- Комитеттин чечими юридикалык болбосо да саясий чоң күчкө ээ. Анткени комитет буга чейин да Кыргыз жеринин Кытайга берилишине каршы болуп келген. Азыр да каршы болду.
XS
SM
MD
LG