Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:42

Түштүк Корея башка өзөктүк изилдөө жүргүзбөйт


Түштүк Корея өкмөтүнүн министри Чаң Доң-юң бүгүн Сеул шаарында чыгып сүйлөп, өлкө эч качан өзөктүк курал өндүрүүгө барбайт деп билдирди:

- Бүгүнкү күнгө караганда, аскерий максат менен Түштүк Корея эч качан өзөктүк куралга ээ болуу планын түзгөн эмес жана бул саясат өзгөрбөйт.

Жекшемби күнү өлкөгө Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин текшерүүчүлөрү келүүгө тийиш. Мындан бир нече жыл мурда өлкөдө уран менен плутонийди байытуу боюнча изилдөөлөр болгонун Сеул жакында мойнуна алган, бирок өкмөттүн айтымында, ал изилдөөлөр аскерий эмес максатта жүргүзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG