Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Өзөктүк кубат боюнча агенттик Иран боюнча жаңы резолюция кабыл алды


Бүгүн Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башкармалыгынын сессиясы өтүп, анда Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү тууралуу резолюция кабыл алынды. Долбоорду АКШ даярдаган жана ага ылайык, уранды байытуу боюнча бардык аракеттерди Иран токтотууга тийиш. 25-ноябрга чейин болсо өлкөдөгү бардык өзөктүк изилдөөлөр боюнча отчет даярдап бериш керек. АКШ өкүлчүлүгү долбоор боюнча Алмания, Британия, Франция жана башка өлкөлөр менен алдын ала сүйлөшүп, алардын макулдугун алган. Агенттиктин башкармалыгына 35 өлкөнүн өкүлдөрү кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG