Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

ИРАКТА КҮНДӨ УРУШ, КҮНДӨ КЫРГЫН


Ирактын Фаллужа шаарында америкалык аскерлер Абу Мусаб аз-Заркавинин отряддары окбаане кылып жаткан жайларга сокку урууда. Кечээ Киркукта, ага удаалаш Бакуба менен Багдадда дүрмөттөлгөн машиналар жарылып, жалпы эсепте жыйырма бешке чукул адам опот болду. ”Ал-Жазира” телеканалы америкалык-түркиялык орток компанияда иштеген он үч кызматкерди экстремисттер кармап кеткенин кабарлады. Барымтачылар аталган компания Иракта ишин токтотпосо жана бардык түрмөлөрдөн аялдар бошотулбаса туткунга алынгандарды өлтүрө тургандыгын айтып жатышат.

Фаллужадагы уруштарда жети киши окко учканы айтылды. Америкалык аскерлер ишембиден бери бул жерде операция өткөрүп, “Ал-Каида” төбөлдөрүнүн бири эсептелинген Абу Мусаб аз-Заркавинин (Abu Musab al-Zarqawi) адамдары окбаанелеп турган жайларды абадан жана танктардан аткылап жатышат.

Ишемби күнү Киркукта улуттук гвардияга кызматка өткөнү штаб алдында нөөмөт күтүп тургандардан жыйырма чакты киши өлдү. Жан кечти шофер дүрмөткө шыкалган машинасын туптуура аларды көздөй айдап келип жардырып жиберген. Бакубадагы бир мектептин короосуна түшүп жарылган минометтун огунан тогуз киши жарадар болду. Багдаддын аэропортунан келаткан жолдо америкалык аскери автокербен көбөөлгө көмүлгөн бомбага кабылып,ирактык бир киши өлдү,жоокерлерден төртөө жарадар болду.

Ошол эле күнү катарлык “ал-Жазира” телеканалы америкалыктар менен түрктөрдүн биргелешкен компаниясынан он үч кишини экстремисттер туткунга кармап кеткенин кабарлады. Бул топ өзүн “Абу Бакир ас-Сыддыктын бригадасы” деп атап жатат жана ирак түрмөлөрүндө жаткан бардык аялдарды бошотууну,буга кошумча аталган фирмадан Ирактагы иштерин үч күндүн ичинде токтотууну талап кылууда. Эгер шарт аткарылбаса, экстремисттер туткундагыларды өлтүрө тургандыгын эскертишти.

Ирактын утурумдук өкмөт башчысы Ияд Аллави (Iyad Allawi) Лондондо Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалдын кыйчалыштыгына карабастан, алдыдагы январга белгиленген шайлоо өз мөөнөтүндө өтөрүнө ишендирди.

Тони Блэр Иракта стабилдүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, мунун өзү эл аралык терроризмге урулган сокку болмок деп билдирди. Ирактагы азыркы жагдай, Блэрдин айтымында, терроризмге каршы күрөштүн оор сыноосу болуп саналат. Террордук топтор бейпилдик орнотуу пландарын үзгүлтүккө учуратканы адамдарды өлтүргөнгө, барымтага алганга, колдон келгендин баарын жасаганга умтулуп жатышат, деп айтты Блэр.

Президент Жорж Буш да ишемби күнкү радиокайрылуусунда террористтер Ооганстан менен Ирактагы прогрессти ооздуктап калууга күч үрөп жатканын белгилеп, бул эки өлкөдө өткөрүлө турган шайлоо алдында кооп-козголоңдор күч аларын эскертти. Бирок АКШ менен анын союздаштары ооган жана ирак элинин алдындагы милдетин аткарат, деп ишендирди Буш.

Америкалык президент алдыдагы аптада БУУнун (ООНдун) башкы ассамблеясында дүйнөдө эркиндикти жайылтуу жана чыңдоо үчүн кошумча сунуштарды койгону жатат.

XS
SM
MD
LG