Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Жалалабадда майып балдар тууралуу телетасма тартылууда.


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы адам укугун коргоочу "Справедливость" уюму майып балдардын абалы оор экендигин белгиледи. Өзгөчө кароону талап кылган I-топтогу майып балдарга төлөнүүчү беш жүз, үч жүз сомдук жөлөкпул дарыга тургай, күнүмдүк тамак ашына жетпейт. Район менен айыл кыштактардагы майыптарга ушул каражат да убагында жетпейт. Майыптардын күнүндө таркатылуучу кайрымдуулук жардамы менен аларды кароону, алардын укугун коргоону камсыздоо мүмкүн эмес. Уюм коомчулук көңүлүн ушул маселеге буруу максатында облустук сыналгылар үчүн телеберүү тартууда. Телетасманы каржы жагынан АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясы колдоду.

XS
SM
MD
LG