Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Ош облусунда сарык илдети күч


ОШ. Ош облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Адахамжан Абдимомуновдун билдиргенине караганда, учурда сарык оорусунун "А" жана "В" формасын жугузуп алып, дарыгерлерге кайрылган адамдардын саны облус боюнча 176 адамга жетти. Алардын көпчүлүгү Карасуу жана Ноокат райондорунан болушат. Адистердин айтымында оорунун мындай таралышы, эки-үч жылда бирден кайталана турган мүнөзгө ээ. Жергиликтүү дарыгерлер ошондой эле аталган илдеттин козгогучтарынын өрчүп кетишине, бир катар коомдук жайлардагы антисанитариялык шарттар себепчи болуп жаткандыгын да жашырышкан жок.

XS
SM
MD
LG