Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Баткен шаар башчылыгына беш талапкер ат салышат


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдун маалыматына караганда, 10-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен кошо райондук башийүүдөгү Баткен шаарынын жана Баткен районундагы Карабак айыл өкмөтүнүн башчыларын да шайлоо болот. Учурда бул орундар үчүн талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктап, Баткен шаарынын башчылыгына беш, Карабак айыл өкмөтүнүн башчылыгы үчүн алты талапкер көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Аталган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун мурдагы башчылары Абдыкалык Сейитказиев менен Доодарбек Камаров өткөн август айынын башында өз арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошогон.

Өлкө боюнча жалпы айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдын декабрынан бери облуста мөөнөтүнө жетпей бошогон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын саны 14кө жетти. Алардын үчөөсү гана башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу орун бошоткон, ал эми калгандарынын баары өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен.

XS
SM
MD
LG