Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

САЙПИДИН АКСЫКЕНТИ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Кыргыздарга тиешелүү санжыралык айтымдар топтолгон алгачкы кол жазманын автору Аксылык Сайпидиндин жашаган мезгили биздин доордун ХV кылымына туура келет.

Кыргыздар өз тарыхын аска таштардын беттерине гана эмес, өз мезгилинде пайдаланылган алфавиттик колдонмолор аркылуу кагаз бетине түшүргөндүгүнө он бешинчи кылымдардагы ошол мезгилдин илимдүү инсаны Сайпидин Аксыкентинин калтырып кеткен мурасы далил болоор. Мындан беш-алты кылым арыдагы тарыхый кырдаал, мурас ээсинин тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Закирбек Эралиев мындай кеп салып берди:

- Тарыхты жакшылап изилдеп көрсөк, кыргыздардын негизги турмушу көчмөн болгон. Рухий маданияттан артта калган эмес. Орто кылымдагы рухий маданиятка чоң салым кошкон элдерден болуп саналат. Орто кылымдагы өтө чоң окумуштуу, теги боюнча кыргыз, көчмөн уруусунан чыккан, Аксы шаарында төрөлгөн Сайпидин Аксыкенти.

Тарых барактарында «Мажму атут-товарих» деген аталыш менен сакталып калган эмгектин кандай маани-маңызы бардыгы тууралуу тарыхчынын пикири төмөндөгүдөй уланды:

- Сайпидин Аксылыктын "Мажму атут-товарих" кол жазмасын "тарых боюнча махмалар" деп которсо болот. Кол жазма түрүндө жазылып бүткөн. Бул китептин мааниси эмнеде? Тарых боюнча жыйнак деп аталат. Эгер теги боюнча кыргыз болбосо, анда кыргыз ууруларын ийне-жибине чейин билиши мүмкүн эмес эле, бул - бир далил. Экинчи далил, өтө кубанычтуу нерсе - кыргыздын "Манас" эпосу жөнүндө кабар берет. "Манас" жөнүндө биринчи жолку жазма кабар ушул эмгекте жолугат, - деди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин кафедра башчысы Закирбек Эралиев.

Сайпидин Аксыкенти жашаган доордо өкүм сүрүп турган парсы тилинде кыргыз тарыхый-санжыралык өзөктүн ишенимдүү сунушталышы, ал эмгектин дүйнөнүн ар кайсы бурчуна белгисиз тагдыр менен алынып кетиши ага чейин да кыргыздарга тиешелүү аликүнчө белгисиз болгон кол жазмалардын бар экендигине ишенич арттырат.

Сайпидин Аксыкентинин жогоруда белгилегендей Манасты тарыхый инсан катары карагандыгынын да өз сыры бардыр. Бул инсандын жана эмгектин кийинки тагдыры тууралуу тарыхчы:

- Тилекке каршы, китепти өзү жазып бүтө албай калды. Аны уулу Молдо Нооруз жазып бүтүргөн. Сайпидин Аксыкенти бул кыргыз маданиятынын 15-16-кылымдардагы чоң өкүлү, үлгүсү болуп саналат, - деди профессор Закирбек Эралиев.
XS
SM
MD
LG