Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Иран МАГАТЭнин талаптарын мыйзамсыз деп атады


Ишембиде уюм атайын резолюция кабыл алып, Тегеран өкмөтүнөн уранды байытуу иштерин токтотууну жана 25-ноябрга чейин өзөктүк программасына байланышкан толук маалымат берүүнү талап кылган эле.

Иран былтыр октябрда уранды байытуудан убактылуу баш тарткан. Бирок бүгүн Тегерандын өкүлү Хасан Роувани анын өлкөсү бул процессти кайра жандантышы ыктымал деп кыйыр түрдө билдирди:

- Резолюцияда уранды байытууну кечиктирилбестен токтотушубуз керек деп айтылат. Буга байланыштуу Иран ислам жумурияты мораторийди узартпоо жөнүндө чечти.

Коопсуздук кеңешине Иранга каршы санкция киргизүү сунуш этилсе, биз БУУнун текшерүүчүлөрүнө өзөктүк станцияларга барууга тыюу салабыз, - деп кошумчалады Тегеран өкмөтүнүн өкүлү.
Иран анын өзөктүк программасы аскерий эмес максаттарга багытталган деп ырастап келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG