Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Анкара Кылмыш-жаза кодексин реформалоого тийиш


Евробиримдиктин кеңейүү маселелери боюнча коммиссары Гюнтер Ферхойген Түркия Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизмейинче Анкара менен бул уюмга өлкөнүн мүчөлүккө өтүшү жөнүндө сүйлөшүүлөр башталбайт деп билдирди. Германиянын “Билд им Зоннтаг” гезити Ферхойгенге шилтеме жасап жазганына караганда, аталган реформалар менен гана Анкара Түркия адам укуктарын урматтаган өлкө экенин далилдей алат.

Кечээ түрк парламенти Кылмыш-жаза кодексин реформалоо маселесин карабай туруп, өз отурумун кийнкиге калтырган эле.

Еврокомиссия Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө өз рекомендацияларын 6-октябрда сунуш этет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG