Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Судан өкмөтү БУУнун резолюциясын адилетсиз деп атады


Кечээ Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияда Хартум өкмөтү Дарфур чөлкөмүндөгү кырдаалды жөнгө салбаса, өлкөгө каршы мунай санкциясы киргизилет деп айтылган. Кеңеш ошондой эле Африка биримдигине кайрылып, кеңейтилген мониторинг жүргүзүүнү жана адам укуктарынын бузулушу боюнча атайын иликтөө уюштурууну сунуш этти. БУУнун Судандагы өкүлү Ян Пронк буларды белгиледи:

- Санкцияларды киргизүү азыр эртелик кылат деп ойлойм. Бирок ошондой мүмкүнчүлүк жөнүндө эскертүү туура жана өтө маанилү.

Уюмдун ырастоосунда, араб согушкерлеринин жергиликтүү дыйкандарга каршы жүргүзгөн зомбулук саясатынан улам Дарфур чөлкөмүндө 19 айдын ичинде 50 миңдей киши өмүрүнөн ажырап, бир миллиондон ашыгы үйлөрүн таштап, жер которууга мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG