Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Жалалабат облусунда кыргыз тилинин жумалыгы башталды


ЖАЛАЛАБАТ. Жумалыктын алгачкы күнү облустун жогорку, атайын орто окуу жайлары менен мектеп окуучулары эне тил жөнүндө чыгармаларды жазышты. Облустук бийликтин алдындагы кыргыз тил комиссиясынын билдирүүсү боюнча жумалыкта улуттук тилдин азыркы абалы, келечеги, проблемаларына арналган илимий-практикалык конференция, эне тилди даңктаган жеткинчектер, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ыр-бий кечелери, сынактары уюштурулат. "Ырдайлы кыргыз ырларын" деген республикалык сынакта талапкерлер тандалат. Комиссиянын төрагасы Самүдүн Стамбековдун пикири боюнча, облуста иш кагаздары орусча жүргүзүлөт, жыйналшытар орусча өтөт, ал эми өзбек, орус мектептеринде кыргыз тили сапатсыз окутулат.

XS
SM
MD
LG