Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Ысыккөлдө жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди каттоо аяктады


КАРАКОЛ. 10-октябрда белгиленген райондук, шаардык, поселкалык жана айылдык кеңештерге шайлоого карата облус боюнча 1561 талапкер катталды. Алардын арасында "Алга, Кыргызстан!" саясий партиясынан 110, "Адилет" партиясынан 16 жана "Жаңы күч" партиясынан 196 талапкер көрсөтүлдү. Облустук шайлоо комиссиясы тараткан дагы бир маалыматка караганда, бул жолку саясий өнөктүктө кыз-келиндердин активдүүлүгү байкалды. Маселен, жергиликтүү кеңештерге облустан 408 аял депутаттык мандат үчүн ат салышат. Облустук шайлоо комиссиясы жер-жерлерден көрсөтүлгөн талапкерлер толук такталып бүтө электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG