Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Жалалабат шаарындагы кафелердин биринен жардыргыч зат табылды


ЖАЛАЛАБАТ. Жардыргыч буюм катары алдан ала бааланган зат 19-сентябрда түнкү саат жыйырма үчтөн отуз сегиз мүнөт өткөндө "Шермухамед" кафесинен табылнган. Салмагы 300 грамм, электр батарейкалар жана саат механизми менен жабылган тротилдүү жардыргыч зат биринчи кабаттагы экинчи кабинанын жылыткычына орнотулган. Ашкананын кароолчусу ал затты сырка алып чыгып, зымдарын ажыратып көчөгө таштап койгон.

Кырдаалды изилдөө боюнча түзүлгөн облустук бийликтин атайын комиссиядан 20-сентябрда алынган маалымат боюнча жардыргыч зат шаардын сыртында жок кылынып, калдыктары текшерүүгө жиберилген. Окуяны ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура, чукул кырдаалдар жана аскер кызматтары иликтөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG