Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Жаштарды СПИДден коргоо маселесине олутуу көңүл бурулушу керек


БИШКЕК. Кыргызстанда мектептерде СПИДден жана маңзаттарды пайдалануудан жаштарды коргоо үчүн мектеп программаларына атайын окуу курстарын киргизүү зарыл. Ал эми Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» деген окуу китеби негизсиз сындалууда. Мындай пикирин бүгүн «Азаттыкка» Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин СПИД боюнча программасынын кеңешчиси Лариса Башмакова билдирди. Анын айтымында эгерде мектептерде мындай атайын курстар киргизилбесе, өлкөдө жылдан жылга карай СПИД оорусуна чалдыккан адамдар көбөйүшү ыктымал.

Өткөн аптада өлкөнүн билим берүү министри Мустафа Кидибаев коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» деген китеби мектеп программаларына кирбейт деп билдирген. Сонку маалыматтар боюнча Кыргызстанда 598 адам ВИЧ-инфекциясына кабылган. Ал эми иш жузүндө алардын саны 6 миң болушу ыктымал. 2001-жылдан бери өлкөдө СПИДден 30 адам каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG