Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

Депутаттар Монголиядан келишти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев баштаган делегация бүгүн Монголиядан кайтып келишти. Кыргызстандык делегация иш сапарында Монголиянын премьер-министри Элбэгдорже жана Монголиянын Улуу Хурал парламентинин төрагасы Энхбаяр менен жолугушуп, кыргыз-монгол кызматташтыгы жана соода-экономикалык байланыштары, ошондой эле, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Монголиянын Улуттук Академиясы Алтай Бөрүбаевге ардактуу доктор наамын ыйгаргандыгын Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG