Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Каракулжа-Алайкуу автожолундагы кырсык иликтенүүдө


БИШКЕК. Ош облусунун Алайкуу автожолундагы кырсыкка байланыштуу мамлекет башчысы Аскар Акаев жекшембиде көңүл айтты. Анда президент жол кырсыгынан набыт болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтуу менен бирге кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.

Кырсыктын чоо-жайын иликтөө максатында 19-сентябрда биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиевдин бүгүн маалымат жыйынында билдиргенине караганда, автобустун айдоочусу 32 жаштагы Толкун Закиров агасына таандык автоунааны улуксат кагазы жок айдаган. Ошондой эле, соттук медициналык эсперттер текшергенде айдоочунун жана анын жардамчысынын канынан спирт ичимдиги чыккан. Ал эми Каракулжанын айрым тургундары айдоочулардын ичкилик ичкени тууралуу маалымат негизсиз деп жатышат.

"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы маалымдагандай, автобус түндөсү Кызылжар кыштагынан эки жарым чакырым бери жактагы Узунмурун чөлкөмүндөгү кыядан 20 метрдей бийиктиктен кулап түшкөн. Автобуста 25 адам болгон, алардын он тогузу набыт юолгон. Набыт болгондордун сегизи Алайкуунун Көгарт кыштагынан, алтоо Камкоргон кыштагынан, үчөө Кызылжар кыштагынан. Набыт болгон эки шоопурдун бири Каракулжа районунун Каракочкор кыштагынан, бири Аккыя кыштагынан. Жараат алып учурда Алайкуунун Алибай Азимкулов атындагы ооруканасында дарыланып жаткандардын экөө бала, калгандары чоң кишилер.

20-сентябрь күнү кырсык болгон Алайкуу өрөөнүнө мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов барып, көңүл айтуу менен, президенттин атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 30 миң сомдон, жаракат алгандарга 15 миң сомдон жардам берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG