Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

“Мемориалга” сыйлык ыйгарылды


Бүгүн Индиянын Хайдарабад шаарында Адам укуктары боюнча атайын сыйлыкты тапшыруу салтанаты өттү. Бул сыйлыкты көптөр Нобель сыйлыгына теңешет. Ал 1980-жылы уюштурулган жана дүйнөдө укук коргоо жаатындагы аракеттерди колдоо максатын аркалат келатат. Бул жолу аталган сыйлык Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмуна, адам укугун коргоо боюнча активист Бьянке Яжжерге жана өзөктүк куралга каршы чыгып келаткан Рауль Монтенегрого тапшырылды. Сыйлык 230 миң долларга бааланат жана “адазат бүгүн туш болуп жаткан орчундуу проблемаларга жооп табууда” көрүлгөн аракеттер үчүн ыйгарылат.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG