Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

СААТ 12.00: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АСКАР АКАЕВДИН КИЙИНКИ ШАЙЛООГО КАТЫШУУ УКУГУН ТАКТАЙ БАШТАДЫ


Бүгүн 21-сентябрда Конституциялык сот депутат Дүйшөн Чотоновдун быйыл жыл башында берген арызын кароону баштады. Чотонов өз арызында Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы же жокпу деген суроону тактап берүүнү өтүнгөн. Депутат сотто сүйлөгөн сөзүндө эл арасында Акаевдин мөөнөтү тууралуу кайчы пикирлер айтылып келгендиктен, ага мыйзамдуу күчкө ээ жооп алууну каалай турганын айтты.

Чотонов алгач Мыйзам чыгаруу жыйынынын Конституциялык түзүлүш боюнча комитетине кайрылып, аталган комитет 2003-жылдын 10-сентябрында "Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша албайт" деген чечим чыгарып бергенин, ошондон кийин Эл өкүлдөр жыйынынын тийиштүү комитетине кайрылса ал жерден "Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар" деген жооп алганын билдирди.

Конституциялык соттун судьялары Чотоновго берген өз суроолорунда парламенттин комитеттери чыгарган чечимдер мыйзам боюнча нормативдик акт катары күчкө ээ эместигин айтышты.

Сотко Мыйзам чыгаруу жыйынынын Конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин өкүлү катары депутат Азимбек Бекназаров, Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин өкүлү катары Баяман Эркинбаев катышууда.

Соттун чечими бүгүн эле чыгышы мүмкүн.

Сүрөттө: Конституциялык соттун 21-сентябрдагы жыйынынан көрүнүш. (Солдон оңго карай: судья Павел Дрыжак, төрага Чолпон Баекова, судья Абдыбек Суталинов).

Фото автордуку.
XS
SM
MD
LG