Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

СААТ 17.00: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ: ПАРЛАМЕНТТИН КОМИТЕТТЕРИ АКАЕВДИН УКУГУ ТУУРАЛУУ ЧЕЧИМДИ ТУУРА ЧЫГАРГАНБЫ?


21-сентябрда Конституциялык сот 2005-жылдагы президенттик шайлоого Аскар Акаевдин катышууга укугу барбы же жокпу деген маселени карады. Депутат Дүйшөн Чотонов жыл башында ушул суроого жооп алуу максатында Конституциялык сотко арыз жолдогон. Президенттин өзү бир нече жолу "Конституция менин дагы бир ирет шайлануума жол бербейт" деп айтканына карабай, соттун бул жолку аныктамасы саясий чоң күчкө ээ экендиги белгилүү.

Конституциялык соттун 21-сентябрдагы жыйыны төрага Чолпон Баекованын жетекчилиги астында өттү.

2003-жылдын 2-февралында Башмыйзам оңдолуп, толукталып, анын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин эл арасында, саясатчылар ортосунда Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы же жокпу деген суроонун айланасында талаш-тартыш күчөгөн. Ушундан улам Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов сотко кайрылууга аргасыз болгонун айтты:

- Шайлоочуларым менен жолукканда мага дайыма «Аскар Акаев дагы бир жолу шайлана алабы?» деген суроо көп берилет. Жеке мен «шайлана албайт» деп жооп берип келатам. Бирок айрым өкмөттүк гезиттер, саясий партиялар, фонддор жана ишкерлер Аскар Акаевди «дагы бир ирет шайлоого катышып бериңиз» деп суранып жатышат. Ошондуктан бул талаш-тартыштуу суроого бир беткей жооп жок, - деди Дүйшөн Чотонов сотто сүйлөгөн сөзүндө.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин өкүлү катары сотко катышкан Азимбек Бекназаров судьяларга эки өтүнүч менен кайрылды. Бекназаров 14-сентябрда президенттин наамына кат жолдоп, "кийинки шайлоого катышпайм деген сөзүңүздү кат жүзүндө дагы бир ирет тастыктап, жообун мага же Конституциялык сотко берсеңиз" деп өтүнгөн. "Ошол жообун президент ушул жерге келип айтса жакшы болот эле" деген өтүнүчүн айтты Бекназаров:

- Президент Аскар Акаевди ушул жерге күбө катары чакырып, анын бул маселе боюнча пикирин ырасмий түрдө угуп, тастыктап коюуну өтүнөм.

Бирок судьялар президент Акаевди сотко чакыруунун зарылдыгы жок деген жыйынтыкка келишти.

Экинчи өтүнүчү катары Бекназаров мыйзам боюнча парламенттин кош палаталарынын комитеттери чыгарган чечимдер нормативдик укуктук акт катары эсептелбейт, ошондуктан Конституциялык сот бул маселени кароону кыскартышы керек деди:

- Комитеттин чечими нормативдик укуктук актыга кирбейт. Ошондуктан Конституциялык соттун бул ишти өндүрүшкө алып, козгошуна юридикалык негиз жок болчу деп эсептейм. Конституциялык сот Чотоновдун арызын кабыл алганы менен, иш козгобош керек эле.

Бекназаровдун айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйынынын маркум Абсамат Масалиев жетектеген Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Дүйшөн Чотоновго «Акаев шайлоого катыша албайт» деген чечим чыгарбай, түшүндүрмө гана берип коюшу керек болчу. Бирок сот ишти кароону улантты.

Эсиңиздерге сала кетели, Чотонов Конституциялык сотко арыз жазаардан мурда парламенттин кош палаталарынын Конституциялык түзүлүш боюнча комитеттерине кайрылып, эки башка жооп алган.

Соттун жүрүшүндө Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин «Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Аскар Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар» деген 2003-жылдын 10-декабрындагы чечими парламенттин ички мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынганы ачыкка чыкты.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, комитет бул маселени талкуулаган учурда кворум болгон эмес:

- Анткени чечим комитеттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен кабыл алышы керек эле. Ал жолку отурумга комитеттин 10 депутатынын алтоосу гана катышкан жана ал алты депутаттын төртөө гана Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар деп эсептеген.

Аталган комитеттин төрагасы Валерий Диль кворум болбогондон кийин комитеттин мындай чечими мыйзамсыз экенин айтып, Конституциялык сотко 25-мартта кат жолдогон.

Ошого карабай Эл өкүлдөр жыйынынын аталган комитетинин атынан сотко катышкан депутат Баяман Эркинбаев соттун жүрүшүндө «Биз референдумда өзгөргөн жаңы Конституция менен жашап жатабыз, ошондуктан Аскар Акаев дагы бир ирет шайлана алат» деген көз-карашында тураарын билдирип, соттордон калыс чечим чыгарып берүүнү суранды.

Бирок судья Жумакадыр Тогойбаев Баяман Эркинбаевге суроо берип жатып, акыркы референдумда Конституциянын калган статьялары өзгөрүүгө дуушар болгону менен, бир эле адамдын 2 мөөнөттөн ашык шайлана албасын тастыктаган 43-статьянын 2-бөлүгү өзгөрбөгөнүн айтып, өтө кылдат юридикалык маселени эске салды.

Ошентип, бул маселени Конституциялык соттун өндүрүшүнө алып, кароо туурабы же жокпу деген маселе да күмөн туудуруп калды.

Сот бүгүн чечим кабыл алышы ыктымал, азырынча анын ишине Бишкек убактысы боюнча саат 17ге чейин тыныгуу жарыяланды.
XS
SM
MD
LG