Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Караколдо шайлоого арналган "тегерек үстөл" жыйыны өттү


КАРАКОЛ. Жыйын "Перемена" деп аталган инновациялык билим берүү коомдук фондунун демилгеси менен өттү. Ага Касым Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинин студенттери, облустук шайлоо комиссиясынын жана аталган коомдук фонддун Ош облусу боюнча өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле, "Жаштар жана шайлоо" деп аталган темалар боюнча интерактивдүү талаш-тартыштар болду.

Жыйында айтылган пикирлерге караганда студенттер шайлоого анча маани беришпейт. Айрыкча элет жеринде жаштардын саясий жана коомдук активдүүлүгү өтө төмөн. Маселен, жергиликтүү кеңештерге парламенттик жана президенттик шайлоолор качан болоору тууралуу маалыматы жок айрым жаштар бар деген пикирлер айтылды. Иш-чаранын соңунда жаштар талкууланган темалар боюнча резолюция кабыл алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG