Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Инвестицияны алга жылдыруу агенттигин түзүү боюнча меморандум кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын алкагында өнөр жайды өнүктүрүү боюнча - ЮНИДО жана Кыргыз өкмөтү тарабынан инвестицияны алга жылдыруу агенттигин түзүүгө арналган "тегерек үстөл" жыйыны болуп өттү. Жыйында агенттиктин уюштуруу пландары жана юридикалык статусуна байланыштуу маселелер каралып, агенттикти түзүү боюнча иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу боюнча меморандум кабыл алынды.

Вице премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, Кыргызстанда бир нече ведомостволор инвестиция боюнча иш алып барууда бири-бирин кайталап калууда. Жаңыдан түзүлгөн инвестицияны алга жүгүртүү агенттиги чет өлкөлүк донорлор жана Кыргыз өкмөтү тарабынан каржыланат.

XS
SM
MD
LG