Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Б.Шапиро Билим берүү министрлигинин чечимине нааразы


БИШКЕК. “Жашоонун сергек мүнөзү” аттуу окуу китебин жалпы билим берүү мектептеринде окутпоо тууралуу Билим берүү министрлигинин чечими ылайыксыз, деп билдирди Республикалык “СПИД” борборунун директору Борис Шапиро бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, мектеп окуучуларын жыныстык жактан тарбия берүү багытында жазылган окуу китебин мектептерге окутууга министрликти күчтөй албайт.

Бирок Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарына жана эл аралык келишимдердин негизинде Билим берүү министрлиги Иммундук таңкыстык илдетинен, СПИД жана башка венерикалык жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча окутуу иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Шапиро ошондой эле “Жашоонун сергек мүнөзү” аттуу китебинин айланасындагы талаш-тартышты шайлоо алдындагы күрөшкө байланыштырды. Кыргыз элинин менталитетине шылтап, кимдир бирөө өз кызыкчылыгы үчүн жасаган иш катары баалады.

15-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын Билим берүү жана маданият, Сот жана укук, Саламаттыкты сактоо, үй-бүлө жана жаштар маселелери боюнча комитеттеринин кошмо жыйыны өткөрүлгөн. Анда Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу окуу китеби жаштарды тарбиялоодо тескери таасирин тийгизээри айтылып, аны басмадан чыгарбоо, буга чейин басылып таратылган китептерди кайра жыйноо жана мектептрде окутпоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG