Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Автокырсыктан каза болгондордун тажыясы өткөрүлдү


ОШ. 21-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Алайкуу районундагы автокырсыктан каза болгондордун тажыясы өткөрүлдү. Эки шоопурдун тажиясы ылдыйкы өрөөндөгү Каракочкор жана Аккыя айылында болду. Жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө Ош облус губернатору Накен Касиев да 10 миң сомдон, жалпысы 190 миң сом жардам жеткирди.

Тажия учурунда эл-журт Каракулжа-Алайкуу жолунда кырсыкка байланыштуу түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиевдин телекөрсөтүү аркылуу "жолдо баратканда автобустагылар ичишиптир, ырдап барышкан экен, келин-кыздар да кошулуп" деген сыяктуу сөздөрүнө акарат айтышты.

Жол министри Каракулжа-Алайкуу жолунун айласыз акыбалынан четтеп, кырсыкты толугу менен башка нерсеге жүктөөгө жанталашканына нааразы болушту.

XS
SM
MD
LG