Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

КЭРдин премьери расмий сапар менен Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга ырасмий сапар менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао келди. Кытай премьерин Бишкектеги «Манас» аба майданынан өкмөт башчы Николай Танаев жана биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев тосуп алышты.

Ушул эле күнү өкмөт үйүндө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча бир нече макулдашууларга кол коюлду. Тараптар 2004-2014-жылдарда эки өлкөнүн кызматташуусу жөнүндөгү программага, чегараларды демаркациялоо жөнүндө протоколго, Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргызстанга 50 млн. юань өлчөмүндөгү гранттык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга, Тышкы соодада, бажы статистикасы тармагында, банктарга көзөмөл кылуу боюнча кызматташуу жөнүндөгү, ошондой эле, Кыргызстандын чегара кызматы менен Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрилигинин жана эки өлкөнүн дипломатиялык академиялары оротосундагы кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюшту.

Андан соң, Кытайдын премьери жана Кыргызстандын өкмөт башчысы журналисттер үчүн пресс-конференция беришти.

Эртең Вэнь Цзябао президент Аскар Акаев, төрагалар Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев менен жолугушууларды өткөрөт. 23-сентябрда болсо Кытайдын мамлекеттик кенешинин премьери Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынына катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG