Маскөө сотуна бүгүн келүүгө чакырылган Украинанын мурдагы вице-премьер министри Юлия Тимошенко Орусияга барбай турганын билдирди. Орус тергөөчүлөрүнүн айтымында, 1990-жылдардын башында Тимошенко ишкер болуп жүргөндө Орусиянын коргоо министрлигиндеги жогорку кызматкерлерге пара берген. Тимошенко бардык күнөөнү четке кагууда, анын айтымында, соттун уюштурулганына Украина президенти Леонид Кучманын да тийешеси бар.