Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

СПИД ЭНЕСИН БАЛАСЫНАН, ӨЛКӨНҮ ЖАРАНЫНАН АЖЫРАТУУДА


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Республикалык «СПИД» бирикмесинин тараткан маалыматына караганда, СПИДдин ВИЧ инфекциясына байланышкан жагдай Кыргызстанда оорлоп баратат. Алгач ирет 1987-жылы бул илдетке чалдыккан бир гана адам болсо, быйыл бул сан 598ге жетти. Буга чейин илдет ийне аркылуу маңзаттарды пайдалангандар жана сойкулар аркылуу гана жайылса, азыр жугуштуу жыныстык илдеттердин оор түрлөрү жана сарык оорусу менен жабыркагандардын санынын көбөйүшү да адистер арасында кооптонууну пайда кылууда.

Акыркы үч жылда дүйнө жүзүндө СПИДдин ВИЧ инфекциясынын таралышы тездеп баратат. Салыштырмалуу алганда Кыргызстанда деңгээл анчалык жогору эмес. Бирок бул санаа тынчытаарга негиз бере албайт. Анткени, каттоодо турбаган оорулуулардын саны катталгандардан он эсе ашып, 6 миңге чамалап барды.

Республикалык «СПИД» бирикмесинин төрагасы Борис Шапиро СПИДдин ВИЧ инфекциясына байланышкан жагдайдын оорлоп кетерин жокко чыгарбайт:

- Бизде эпидемия жаңы эле башталып атат. Азыр биздики КМШда СПИД инфекциясы боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.

Адистердин айтымында, СПИДдин инфекциясын жугузган адам илдетке кабылганын бир нече жылдан кийин араң билиши ыктымал. Мындай жагдай демографиялык кыйроого алып келиши ажеп эмес. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин СПИД боюнча программасынын кеңешчиси Лариса Башмакова мындай дейт:

- Төрөттүн деңгээли бизде жогору экенин эске алганда, СПИДдин ВИЧ инфекциясын курсактан жугузган балдар төрөлө баштайт. Былтыртан бери эле ВИЧ инфекциясын жугузган энелерден 9 бала төрөлдү.

Адистин айтымында, маңчылардын эсебинен эле келерки бир нече жылда 30 миң оорулуу пайда болушу ыктымал. Мындан тышкары эл аралык эксперттер Кыргызстанда жыныстык илдеттердин гонорея аттуу түрү менен жабыркагандардын саны 57 миңге жеткенин кабарлашууда. Бул илдет СПИДдин инфекциясын жугузууга ийкемдүүлүгү менен айырмаланат:

- Ушул 57 миң кишинин алдында СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузуу коркунучу турат, – дейт Лариса Башмакова, - Мындан тышкары эл аралык уюмдардын, анын ичинде Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча маңзатты ийне аркылуу колдонгон 54 миң адам бар. Бул адамдар СПИДдин ВИЧ инфекциясын жана сарык илдетин жугузуу коркунучуна күнүгө кирептер болуп турушат.

Дүйнөдө күнүнө СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузгандардын саны 14 миңге жетип турарын эсепке алганда, Кыргызстанда бул инфекцияны күнүнө 11 адам жугузушу ыктымал.

Ал эми «Таис Плюс» бейөкмөт уюму СПИД барган сайын өлкөнүн бардык аймактарында тамырлап баратканын белгилейт. Маселен, Ош шаарын Эл аралык уюмдар Борбор Азиядагы СПИДден жабыркаган 4 шаардын бири катары санайт.

Илдеттин улам көбөйүп жатышы оорулууга кам көрүү чөйрөсүн да тарытып баратат. Маселен, Саламаттык сактоо министрлигинин аппарат башчысы Мелис Мадыбаевдин айтымында илдетти дарылоого Кыргызстандын чамасы жетпейт:

- Көбүнчө алдын алуу чараларын көрөбүз. Мурда аз эле оорулуулар бар болчу да. Эми алар көбөйгөнү дарылоо үчүн көп каражат керек болуп атат. Дарылар кымбат. Бизден чыкпайт. Чет мамлекеттен келет.

Бул аралыкта СПИДдин айынан набыт болгондордун саны 20 чамалап барды:

-Жума күнү эле СПИДдин ВИЧ инфекциясынын айынан бир адам көз жумду. Жаш жигит, - дейт эксперт Башмакова, - Эми аны эч ким кайтарып бере албайт. Энеси баласын жоготту. Биз жараныбыздан айрылдык.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда азыр СПИДге каршы күрөш Глобалдык фонддон утуп алган гранттын алкагында жүргүзүлүүдө. Ал эми көз карандысыз адистер кылым оорусуна каршы күрөштө маалыматтарды элдин кулк-мүнөзүнө ыңгайлаштырып таратуу жетишсиз болуп жаткандыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG