Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

БУУ: КОСОВОНУН СТАТУСУН КАРООГО АЛИ ЭРТЕ


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен улуттар уюмунун Косоводо саясий жагдайды жакшыртуу ишине жардам көрсөтүп келатышкан чиновниктер тобу эми опурталдуу абалдан кантип чыгып кетүү жолдорун талкуулашты.

Дүйшөмбү күнү кечинде Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан аталган топтун өкүлдөрүн жана башка регионалдык башчыларды жакынкы мезгилдерде Косоводо Улуттар уюмунун “статус алдындагы стандарттар” наамын алган реформалары жүргүзүлөөрү мүмкүн экендигин билдирди. Аннан Косоводо болгон кандуу зордуктан алты ай өткөндөн кийин аймактагы абалды жакшыртуу аракетине киришкени турат.

Улуттар уюмунун жыйынына чогулушкан дипломаттар Косово администрациясынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жөнүндө, дегеле, Косовонун келечеги тууралуу сүйлөштү.

Дүйшөмдөгү жолугушууда Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан уюмдун Косово статусу тууралуу айрым рекомендацияларын Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Италиянын тышкы иштер министрлерине сунуш кылды.

Румыниянын тышкы иштер министри Мирча Жоана Косовонун так статусу боюнча баяндаманы келерки жылдын орто чендерине чейин иштеп чыгууга эларалык коомчулуктун биргелешкен аракеттери талап кылынаарын айтты.

- Биз ошол убакыт келсе, анан баарын тез эле чечип жиберебиз деп олтура албайбыз. Андыктан бүгүнкү талкуу Косовонун өзүндө милдет бөлүштүрүү жана децентрализация жараянынын үстүндө болду, - деди румыниялык министр.

Негизи, Косово дале Белграддын бир бөлүгү катарында турат. Сербдер Косовону өздөрүнүн тарыхый жери деп, ал жерден кетүүдөн баш тартышат, ал эми калктын көпчүлүк бөлгүнүн түзүшкөн албандар көз карандысыздыкты самашат. Өз кезегинде, эларалык коомчулук Косоводо “айрым стандарттар” киргизилмейин, анын “акыркы статусу” тууралуу талкуу болушу да мүмкүн эмес деп эсептейт.

Жоананын айтымында, сүйлөшүүлөрдө келерки айга белгиленген шайлоодо Косоводогу сербдер менен башка улуттук азчылыктардын добуш берүү укуктары тууралуу да сөз болду. Андан сырткары, аймактагы тынчтык жараяны менен Европа Союзунун Сербия жана Черногория ортосундагы айрым талаптарын кароо да күн тартибине коюлган.

Сүйлөшүүлөргө БУУнун Косоводогу жаңы өкүлү Сорен Йессен Петерсон жана марттагы зордуктан кийин Косоводогу проблеманы изилдеп жаткан норвегиялык дипломат Кай Дух да катышышты. Норвегиялык дипломаттын оюнда, бийликти эртерээк жергиликтүү албандарга берип, Косовонун статусун чечүүгө өтүү керек.

Мирча Жоана айым талкуу учурунда добуштар эки топко бөлүнгөнүн айтты.

- Айрымдар Косовонун статусу тууралуу сүйлөгөндөн мурда, ал жерге айтылуу “стандарттарды” киргизүү зарыл деп эсетешет. Бирок ошол эле учурда, экинчи топ стандарттарды киргизүү да, милдет бөлүштүрүүда, статус боюнча аракеттер да, баары бир эле убакта өткөрүлүшү керек деп ойлошот, - деди Румыниянын тышкы иштер министри Мирча Жоана.

Косово маселеси боюнча дагы бир жолугушуу шаршембиге белгиленген.
XS
SM
MD
LG