Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Түркиянын оппозициячыл партиясы парламентти Кылмыш кодексин реформалоону тездетүүгө үндөдү


Никелүү жубайынын көзүнө чөп салгандык да кылмышка айлантылышына оппозиция каршы болгондуктан, түрк өкмөтү Кылмыш кодексти реформалоону караган мыйзамды өткөн аптада парламенттен чыкыртып алган. Оппозициядагы Республикалык эл партиясы документ 6-октябрга чейин кабыл алынышы керек деп эсептейт. Себеби 6- октябрда Евробиримдиктин аткаруучу органы Түркия боюнча өз отчётун берээри күтүлүүдө.

Кылмыш кодекстин реформаланышы – Түркияга Евробиримдикке кошулуш үчүн коюлган талаптардын бири. Мунун аралыгында, Европарламенттин айрым депутаттары уюм Түркия менен мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүүнү дагы үч жылдан гана кийин башташ керектигин билдиришти. Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган ушул бейшембиде Брюсселде Еврокомисиянын жана Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугат.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG