Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

Кофи Аннан БУУнун Башкы ассамблеясында мыйзамдуулук маселесине көңүл бурду


БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны кечээ башталды. Башкатчы Кофи Аннан андагы сөзүндө дүйнөнүн мыйзам өтө тебеленип жаткан жерлери катары Суданды, Иракты, Израилди атады:

- Мыйзам үстөмдүүлүгү бүгүн бүткүл дүйнө боюнча суроо алдында турат. Биз мыйзам бейкүнөө адамдардын, эң алсыздар менен жардамсыздардын, өзгөчө балдардын турумушунда уятсыздык менен бузулушуна кайра–кайра күбө болуп жатабыз. Иракта биз адамдар муздак кандуулук менен өлтүрүлгөнүнө, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери, журналисттер жана башка граждандык адамдар барымтага алынып, мыкаачылык менен жазаланганын көрүүдөбүз. Бирок биз Иракта түрмөдөгүлөрдүн да кордолгонун билебиз. Өзүндө мыйзам үстөмдүгүн жарыялаган ар бир өлкө аны сыртта да сыйлаш керек. Четте мыйзамдуулукту талап кылган ар бир мамлекет аны үйүндө ишке ашырышы абзел.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG