Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Иракта барымтадагы америкалыктардын экинчиси өлтүрүлгөндүгү маалымдалды


Өзүлөрүн "Таухид–валь-Жихад" тобунан деп атаган согушкерлер 48 жаштагы Жек Хэнсли аттуу америкалыкты өлтүрүшкөндүгү жөнүндөгү билдирүүсүн Интернет аркылуу таратышты. АКШ өкмөтү азырынча бул кабарды ырастай элек. "Ал-каида" менен байланышы бар деп эсептелген согушкер Абу Мусаб ал-Заркавинин тобу өткөн аптада эки америкалык менен кошо туткундап кеткен дагы бир британиялыктын тагдыры белгисиз.

Ирактагы "Абу Грейб" жана "Умм Каср" түрмөлөрүндөгү аялдардын бошотулушун талап кылган согушкерлер барымдагы америкалыктын бирин кечээ өлтүрүшкөн. АКШ армиясынын ырастоосунда, жогорудагы түрмөлөрдө бир да аял жок, болгону Иракта, АКШнын камагында эки гана аял бар.

Президент Жорж Буш Ирактын премьер-министри Ияд Аллави менен Нью-Йорктогу кечээги жолугушуусу учурунда Кошмо Штаттар террорчулар менен сүйлөшпөй турганын белгиледи:

- Бул киши өлтүргүчтөр биздин эркибизди майтарууну көздөйт. Алар Ирактын элинин тагдырын чечкиси келет. Биз бул башкесерлер менен террорчулар биздин, силердин тагдырды аныктоосуна жол бербейбиз.

Ал эми Иракта АКШ армиясы бүгүн Багдаддын Садр шаар деген районуна көзөмөл орнотуу үчүн операция баштады.

XS
SM
MD
LG