Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

АКАЕВ БААТЫРЛЫККА МУКТАЖБЫ? ШАЙЛООНУН ШААНИСИ, ТОО БУЛБУЛУ ТОКТОГУЛ


22-сентябрда жарык көргөн “Республика” басылмасында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу маек жарыяланды, ал эми “Адабий гезит” басылмасы залкар комузчу, төкмө акын Токтогул Сатылганов тууралуу макалага орун берди.

22-сентябрда «Дил ордосу» басылмасында "Аскар Акаев "Кыргыз эл баатыры наамына муктажбы?"" деген суроо коюлуп, депутаттар, коомдук мамлекеттик ишмерлер өз ойлорун ортого салат.

«Биринчиден, "Кыргыз эл баатыры" деген наамды өлкөнүн президенти гана ыйгара алат. Ал эми Жогорку кеңеште андай укук жок. Президент өзүнө- өзү баатырдыкты берсин деген айрым депутаттардын демилгеси шылдың иретинде көрүнөт», дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев.


«Аскар Акаевге "Кыргыз эл баатыры" деген наамды берүү демилгесин карапайым эл көтөрүп жаткандыр деп ойлойм» деп жооп берет президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков.

«Аскар Акаевге "Кыргыз эл баатыры" деген наамды берүү идеясына каршымын», дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров.

Ошондой эле президентке эл баатыры наамын берүүгө депутат Адахан Мадумаров да каршы болсо, депутат Бактыбек Иманкулов демилгени колдоого алган.

22-сентябрдагы «Республика» басылмасы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу маегин жарыялады. Учурда оппозиция жергиликтүү кеңештерге шайлоого аракет кылбай, өтө начар иштеп, ыңгайлуу учурду колдон чыгарганы турат. Ал эми «Алга, Кыргызстан» партиясы Бишкекте жана жалпы өлкө боюнча өз өкүлдөрүн шайлоого көп катыштыруу демилгесин колго алып, жемиштүү иштеп жатат» дейт депутат Адахан Мадумаров.

Ушул эле басылмада Улуттук патриоттук кыймылдын лидерлеринин бири Нурлан Мотуевдин «Биз революциячыл оппозициябыз» деген маегине орун берди. Ал учурдагы улуттук париоттук кыймыл мектеп программасынан Борис Шапиронун «Сергек жашоо мүнөзү» китебинин алынып салынышы тууралуу кеп козгойт. Ошондой эле «Эл билги» коомдук изилдөө борборунун жетекчиси Отунчу Илгинин Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан аймагындагы кыргыздардын жашоо-тиричилиги, үрп-адаты, тарыхы жөнүндө макаласы да «Республика» басылмасынан орун алды.

«Республикада» Казакстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу да макалалардын түрмөгү жарык көрдү.

Шаршемби күнү «Адабий гезит» басылмасы да жарык көрдү. Анда кандай макалаларга орун берилгени тууралуу башкы редактор Асанбек Кулманбетов буларды айтып берди:

- Токтогул Сатылгановдун 140 жылдык мааракесине карата журналист Тенти Орокчиевдин макаласы жарыяланды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, акын, журналист Жолдошбек Бусурманкулов менен болгон маекке да орун берилди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG